Соода министри Болат Иракка барат
Соода министрлигинен алынган маалыматка караганда Түркиянын тышкы соодасындагы эң маанилүү өлкөлөрдөн бири болгон Ирак менен экономикалык карым-катнаштар акыркы мезгилде акырындык менен күчтөнүүдө.

Соода министри Өмер Болат Түркия экспортчулар биримдиги (TЭБ) жана Түркия подрядчылар биримдигинин (TПБ) делегациялары менен эртеңден баштап Иракка эки күндүк сапар менен барат.
Соода министрлигинен алынган маалыматка караганда Түркиянын тышкы соодасындагы эң маанилүү өлкөлөрдөн бири болгон Ирак менен экономикалык карым-катнаштар акыркы мезгилде акырындык менен күчтөнүүдө.
Бул алкакта министр Болат 18-19-ноябрь күндөрү Түркия экспортчулар биримдиги (TЭБ) тарабынан уюштурулган Башкы соода делегациясы, Түрк Подрядчылар Биримдиги тарабынан уюштурулган Подрядчылар делегациясы жана аны коштогон фирма өкүлдөрү менен Ирактын борбор шаары Багдад жана Басрага барат.
Бул программа менен түрк ишкерлери ирактык ишкерлер менен жолугушат жана эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү изделет.
Кошумчалай кетсек, борбор шаар Багдад жана Басрада подрядчылык компаниялардын катышуусунда «тегерек стол жолугушуулары» өткөрүлөт.
Министр Болаттын иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланып, түрк фирмаларынын Ирактагы ролун күчөтүү боюнча демилгелер көтөрүлөт.