Жевдет Йылмаз : "Кипр түрктөрүнүн тең укуктуу эл аралык статусу тастыкталышы керек"

Йылмаз кечээ борбор шаар Никосияда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер - министри Үнал Үстел менен жолугушту.

2210613
Жевдет Йылмаз : "Кипр түрктөрүнүн тең укуктуу эл аралык статусу тастыкталышы керек"

Вице - президент Жевдет Йылмаз : "Федералдык чечим калган жок. Эл аралык коомчулук муну көрүшү керек. Аралдын тең ээлери болгон кипрлик түрктөрдүн  укуктарын жана алардын эгемен теңдигин, тең эл аралык статусунун тастыкталышы маанилүү",- деди.

Йылмаз кечээ борбор шаар Никосияда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер - министри Үнал Үстел менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Йылмаз Кипр түрктөрүнүн келечекке ишеним менен карашы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономикалык ырааттуулугун сакташы үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкмөтү менен кызматташууну уланта тургандарын белгилеп : "Адилеттүү,  туруктуу чечим аралдын чындыктарына негизделген мамиле менен гана мүмкүн экендигин, аралда эки башка эл жана эки башка мамлекеттин бар экенин баса белгилейбиз. Аралдагы чындыктардан алыстап эки тараптын ыраазычылыгын чагылдырбаган чечүүчү жол сунуштардан жыйынтык чыкпай тургандыгын ондогон жылдардан бери жыйынтыксыз болгон сүйлөшүүлөрдө көрдүк. Федералдык чечүүчү жол эми жок. Эл аралык коомчулук да эми муну көрүшү керек.  Аралдын тен укуктуу ээлери болгон кипрдик түрктөрдүн түбөлүктүү эгемендүү теңдигинин жана алардын тең укуктуу эл аралык статусу тастыкталышы керек". 

Вице - президент Йылмаз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнө менен  дүйнөлүк экономика менен интеграциялоо аракетин уланта тургандарын, ата мекени жана кепилдиги Түркиянын ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болоорун, Кипр түрк калкынын эркиндигинин жана бейпилдигинин сакталышы багытында келишимдик жана тарыхый жоопкерчиликтерге карата сезимталдык менен кыймылдай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар