Президент Эрдоган Бразилияга барат
Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышуу үчүн 18 - 19 - ноябрь күндөрү Бразилияга барат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине катышуу үчүн 18 - 19 - ноябрь күндөрү Бразилияга барат.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө президент Эрдогандын 2024 - жылдын 18 - 19 - ноябрында Рио-де-Жанейродо өтө турган Чоң жыйырмалыктын 19 - лидерлер саммитине катышуу үчүн Бразилияга бара турганын айтты.
Алтун : "Чоң жыйырмалыктын лидерлери саммиттин жүрүшүндө "Адилеттүү дүйнө жана туруктуу планетаны куруу" деген негизги теманын алкагында үч сессияда пикир алмашат. Ошондой эле президентибиздин G20 лидерлери жана башка катышуучу мамлекет башчылары менен жолугушуу өткөрөрү пландалууда",- деди.
Тектеш кабарлар
ТРТ Араб мамлекеттеринин телерадиоберүү биримдигинин ассоциацияланган мүчөсү болду
Бул тууралуу ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы билдирүү жарыялады.