Министр хакан Фидан : "АКШга басым жасоо керек болгон маселелер бар"
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарындагы шайлоодон кийин Түркия - АКШ карым-катнаштарына токтолду.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарындагы шайлоодон кийин Түркия - АКШ карым-катнаштарына токтолду.
Фидан кечээ кечинде катышкан телеберүү программасында жасаган билдирүүсүндө : "Ээ болушубуз керек болгон позицияларыбыз бар. Аткарышыбыз керек болгон тапшырмаларыбыз бар. Америкалыктарга басым жасашыбыз керек болгон маселелер бар. Биз аларды жакшы аткарышыбыз керек", - деди.
Фидан президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен мамилесинин жакшы экедигин айтты.
Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасаган министр Фидан, АКШнын террор уюму ЙПГ/ПККга көрсөткөн колдоосуна да токтолду.
Фидан : "Биз коркунучту жок кылганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Натыйжада шериктештер жана аймактагы башка мамлекеттер биздин олуттуу экенибизди түшүнүштү", - деди.
Израилдин Газадагы кыргыны да тышкы иштер министри Хакан Фидандын күн тартибинде орун алды.
Министр Фидан : «Трамп өзүнүн базасына, Америка элине жана бүткүл дүйнөгө берген «Согуш чыгарбаймын согушка жол бербейммн» деген убадасында туруп, бул маселени, өзгөчө Палестина географиясын бул маселенин бир бөлүгүнө айлантат деп үмүттөнөбүз" ,- деди.
Фидан Трамптын кабинет талапкерлери тууралуу : "Албетте, биирнчи этапта мен көргөн Израилди колдогон абал бар. Бул күтүлбөгөн нерсе эмес, башкача айтканда, Американын ички саясатында, өзгөчө Конгрессте, эки тарапта тең Өкүлдөр палатасында жана сенатта Израилди колдоо шарт болду",- деди.
Министр Фидан Сирия менен нормалдашуу процесси тууралуу да маалымат берди.
Фидан : "Биринчи маселе - эркти жарыялоо. Президентибиз коомчулукка эркин ачык айтып жаткандыктан, демократиялык өлкөнүн лидеринин билдирүүсү маанилүү. Маселе маектештерибиздин түшүнө албай кыйналып жатканында", - деди
Тектеш кабарлар
Түркияда ымыркай статистикалары
Түркияда өткөн жылы төрөлгөн кыз балдарга Дефне ысымы, эркек балдарга Алпарслан деген ат коюлган.