Германия : "Түркия НАТО мүчөсү катары ишенимдүү өнөктөш экендигин далилдеди"

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Түркиянын НАТОнун мүчөсү катары абдан ишенимдүү өнөктөш экенин ар дайым далилдегенин айтты.

2210589

Коргоо министри Писториус Биргелешкен куралдануу боюнча кызматташтык уюмунун (OCCAR) Бонндогу жыйынында жасаган билдирүүсүндө : "Түркия НАТОнун өнөктөшү жана ошондуктан НАТОнун түштүк - чыгыш флангында да  негизги өнөктөш. НАТОдогу эң чоң куралдуу күчтөрдүн бирине ээ. Ар дайым ишенимдүү өнөктөш экенин далилдешти",- деди.  

Писториус Түркиянын БРИКС өлкөлөрү менен кызматташтыгынын  орточо жана үстүртөн экенине да көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын Россиядан курал сатып алганын белгилеген Писториус : "Бири-бирибиз менен диалогду улантуубуз жана мүмкүн болгон бардык жерде кызматташууну колдообуз абдан маанилүү", - деди.

Писториус : "Европа келечекте өз коопсуздугуна дагы көп инвестиция салышы керек жана муну өнөктөштөр ортосунда макулдашылган түрдө биргелешип жасашы керек. Өзгөчө системалар бири - бири менен алмаштырыла алат жана  биргеликте иштетиле алат",- деди.

Тектеш кабарлар