Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин баа берүүлөрү

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, жеке телеканалда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамптан күткөндөрүн айтты.

2209561
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин баа берүүлөрү

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Американын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Сириядан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскерлерин чыгарып кетиши мүмкүн экенин айтты.

Жеке телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Гүлер АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамптан күткөндөрүн айтты.

Гүлер: «Трамп президенттик учурунда Сириядан аскерлерди чыгарууга үч жолу буйрук берген. Мен Трамп мырза буга катуу көңүл бурат жана америкалык аскерлерди аймактан чыгарып кетиши мүмкүн деп баалайм»,- деди.

Трамптын экинчи мөөнөтүндө Түркиянын F-16 жана F-35 сатып алуулары боюнча талаптарынын тездешин күтөсүзбү деген суроого Гүлер: «Учурда америкалык досторубуз менен мамилебиз абдан позитивдүү, эч кандай регрессия болбойт. Менимче, мындан ары да өнүгөт. Биз 40 даана  F-16 Viper сатып алгыбыз келет жана алар сатып алынат, келишимдерге кол коюлду. Андан кийин, Eurofighter Typhoon учактарынын дагы 40 даанасын сатып алабыз.

Германия көптөн бери бербөө үчүн каршылык көрсөтүп келет, бирок акырында НАТОдогу досторубуз Англия, Италия жана Испаниянын оң салымдары менен Германия акыры оң жооп берди»,-деп жооп берди.

Министр Гүлер террор менен күрөшүү темасына да токтолуп, Сирияда террордук уюм ПЙДнын абдан оор жоготууларга учураганын жана ТУСАШ кол салуусунда каза болгондордун өчүн алышканын баса белгиледи.

ТУСАШка карата жасалган террордук кол салууга байланыштуу баа берүүлөрү суралган Гүлер: «Албетте, мен убакытты маанилүү деп эсептейм. Башкача айтканда, бул окуяда өлкөбүздүн жана улутубуздун тынчтыгына байланыштуу ата мекендик жана улуттук коргонуу өнөр жайыбыз түздөн-түз бутага алынды»,-деп жооп берди.

ТУСАШтын Түркиянын коргонуу өнөр жайынын аялуу жери экенин белгилеген Гүлер кол салуунун кокустук эмес экенин баса белгилеп: «Коргонуу өнөр жайыбызда күн сайын жаңы бир өнүм чыгарылып жатат. Эң сонун өнүгүүлөр бар. Коргоо өнөр жайыбыздын ар бир бөлүмүндө абдан кызуу иштер жүрүп жатат. Ошондуктан бул маселеден улам ТУСАШ бутага алынган болушу мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар