Хүржеттин экинчи прототиби биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады
ХҮРЖЕТтин экинчи прототиби 26 мүнөт абада калып, ар кандай маневр сыноолорун аткарды.
2209524
Түрк авиация жана космос өнөр жайы (ТУСАШ) тарабынан иштелип чыккан Түркиянын алгачкы улуттук реактивдүү машыктыруучу учагы ХҮРЖЕТтин экинчи прототиби биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады.
ТУСАШтын билдирүүсүнө караганда, ХҮРЖЕТ реактивдүү машыктыруучу учагы 2023-жылдын 25-апрелинде биринчи учуусун ишке ашырган.
ХҮРЖЕТ бүгүнкү күнгө чейин 140тан ашуун сыноо ишин аткарды.
Биринчи прототибинде 45 миң футтан ашык бийиктикке жеткен жана үн ылдамдыгын ашкан ХҮРЖЕтин экинчи прототиби асманга көтөрүлдү.
ХҮРЖЕТтин экинчи прототиби 26 мүнөт абада калып, ар кандай маневр сыноолорун аткарды.
200 кнот ылдамдыкта 10 миң фут бийиктикке биринчи учуу ийгиликтүү аяктады.