Фидан- Блинкен сүйлөшүүсү
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели маалымат берди.
2209495
Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: "Тышкы иштер министрибиз Хакан Фидан бүгүн кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абал, Ливандагы окуялар жана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процесси каралды",-деди.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.