Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту жылдын 10 айында 15 миллиард доллардан ашты

Африкага сатуу Түркиянын жалпы экспортунун 7 пайызын түздү.

2209392
Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту жылдын 10 айында 15 миллиард доллардан ашты

Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту жылдын 10 айында 15 миллиард доллардан ашты.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын Африка өлкөлөрүнө экспорту 2023 - жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10 айда 1,8 пайыз өсүп 15,1 миллиард долларга жетти.

Африкага сатуу Түркиянын жалпы экспортунун 7 пайызын түздү.

Континент Түркия бул мезгилде өлкө группасы базасында  эң көп экспорт кылган 12 өлкө группасынын арасында  6 - орунда турат.

Январь - октябрь мезгилинде  Африка континентинде Түркиянын эң көп экспорт кылган өлкөлөр 2,9 миллиард доллар менен Египет, 2,5 миллиард доллар менен Марокко, болжол менен 2 миллиард доллар менен Алжир, 1,9 миллиард доллар менен Ливия, 859,2 миллион доллар менен Тунис, 514 миллион доллар менен Түштүк Африка Республикасы, 482,1 миллион доллар менен Нигерия, болжол менен 343 миллион доллар менен Гана, болжол менен 313 миллион доллар менен Гана,  301,1 миллион доллар менен Сенегал болуп аныкталды.

Тармактык жактан алганда  аталган мезгилде Африка өлкөлөрүнө эң көп экспорт 2,5 миллиард доллар менен химиялык заттар жана продукциялар, 2,3 миллиард доллар менен дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары, 1,7 миллиард доллар менен болот, 1,2 миллиард доллар менен автомобиль өнөр жайы, 1,1 миллиард доллар менен  электр жана электроника секторунда ишке ашырылды.

 

 



Тектеш кабарлар