Гүлер босниялык кесиптеши Хелез менен жолугушту
Гүлер расмий коногу катары борбор шаар Анкарага келген Хелезди министрликте расмий азем менен тосуп алды.
2209222
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Босния-Герцеговинанын коргоо министри Зукан Хелез менен жолугушту.
Гүлер расмий коногу катары борбор шаар Анкарага келген Хелезди министрликте расмий азем менен тосуп алды.
Аземден кийин Гүлер менен Хелез жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелердин карала турганы айтылды.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.