Эрдоганды Азербайжандын президенти Алиев жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш тосуп алды
Президент Эрдоган Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн «Бириккен Улуттар Уюмунун COP29 дүйнөлүк лидерлеринин климат саммитине» катышууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Эр - Риядда өткөн Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинен кийин Азербайжанга барды.
Президент Эрдоган Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн «Бириккен Улуттар Уюмунун COP29 дүйнөлүк лидерлеринин климат саммитине» катышууда.
Эрдоганды Азербайжандын президенти Алиев жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш тосуп алды.
Эрдоган саммиттин алкагында Бакуда Британиянын премьер - министри Кейр Стармерди кабыл алды.
Жолугушууда Түркия менен Британиянын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Жолугушууда президент Эрдоган Түркия менен Британиянын ортосундагы карым – катнаштарды жакшыртуу жана соода көлөмүн арттыруу үчүн аракеттердин улана турганын айтты.
Эрдоган Түркиянын аймакта, өзгөчө Украина, Палестина жана Ливандагы кагылышууларды токтотуу аракетинин уланып жаткандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Түркия Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун куралдануусуна каршылык көрсөттү
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.