Президент Эрдоган Сауд Арабияга барды
Президент Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, бир ууч Батыш өлкөсү Израилге ар кандай колдоо көрсөтүп жатканда, мусулман өлкөлөрүнүн реакция кыла албаганы абалдын ушул деңгээлге жетишине себеп болду»,-деди.
Президент Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинде сөз сүйлөдү.
Эрдоган: «Израилдин Газа жана Палестинанын башка аймактарында жасаган кыргындарында ушул күнгө чейин 70 пайызы балдар жана аялдардан турган 50 миң палестиналык шейит болду»,- деди.
"Түркия Газага бүгүнкү күнгө чейин 84 миң тоннадан ашык жардам жөнөттү, тоскоолдуктар жоюлганда дагы да көп жардам жөнөтүүгө даяр",-деген президент: «Израиль Газага жөнөтүлгөн жардам материалдарын бир нече айдан бери Египетте кармап турат»,- деп айтты.
Эрдоган, «Нетаньяху өкмөтүн Палестина жерлерин басып алуунун чыгымы бар экенин сездире турган бардык конкреттүү жана реалдуу сунуштарды ишке ашырууга даярбыз. Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык адилет сотунун негизинде койгон доосуна эң көп өлкөлөрдүн катышуусун кубатташыбыз керек»,- деди.
Режеп Таййип Эрдоган: «Израилге курал эмбаргосун киргизүү, Израиль менен сооданы токтотуу жана анын агрессиясы токтомоюнча Израилди эл аралык жактан изоляциялоо өтө маанилүү», - деп айтты.
Эрдогандын саммиттин калкагында көптөгөн лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.
Эрдоган Сауд Арабияга сапарынан кийин Азербайжанга барып Климат саммитине катышат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Черногориянын президенти Милатовичти тосуп алды
Президент Эрдоган менен Милатович тосуп алуу аземинен кийин жекеме-жеке жолугушуу өткөрүштү.
Фидан НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат
Фидандын жыйындын алкагында кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүшү пландалууда.