Аныткабирге абдан көп киши зыярат кылды
10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүндө Аныткабирге зыярат кылгандар тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Түркия Республикасынын негиздөөчүсү улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайы Аныткабир кечээ 1 миллион 92 миңден ашуун адамды кабыл алды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүндө Аныткабирге зыярат кылгандар тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Маалыматта кечээ 1 миллион 92 миң 365 кишинин Аныткабирге зыярат кылганы жана бул сандын 10-ноябрь күнү Аныткабирге эң көп зыярат катары катталганы белгиленди.
Билдирүүдө «Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү дүйнөдөн кайтканынын 86-жылында дагы бир жолу таазим, ыраазычылык жана урматтоо менен эскеребиз»,-деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Фидан журналисттердин суроолоруна жооп берди
"Түркиянын Дамасктагы элчилиги кайрадан ачылабы?" деген суроо узатылды.
Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.