Алтун: "Нөл калдык долбоору дүйнөлүк брендге айланды"

COP29дун алкагында Президенттик коммуникация башкармалыгы тарабынан «Глобалдык климаттык кризисте стратегиялык байланыш» аттуу тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.

2209043
Алтун: "Нөл калдык долбоору дүйнөлүк брендге айланды"

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Түркия кылымынын эң чоң экологиялык демилгеси болгон "Нөл калдык" долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун 30-мартты "Эл аралык таштандысыз күнү" деп жарыялоосунан кийин дүйнөлүк брендге айланды»,-деди.

Азербайжандын борбор шаары Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) Тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Президенттик коммуникация башкармалыгы тарабынан «Глобалдык климаттык кризисте стратегиялык байланыш» аттуу тегерек стол жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында катышуучуларга видео билдирүү менен кайрылган Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган жана учурда бүткүл дүйнөгө таанымал болгон «Нөл калдык» долбоору Түркиянын экология темасындагы сезимтал саясатын эл аралык деңгээлге чыгарганын баса белгилеп: "Түркия кылымынын эң чоң экологиялык демилгеси болгон «Нөл калдык» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун 30-мартты «Эл аралык таштандысыз күнү» деп жарыялоосунан кийин дүйнөлүк брендге айланды. Бүгүнкү күндө 83 өлкөдөн он миңдеген адамдар, анын ичинде 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары бул келишимге онлайн режиминде кол коюп өндүрүш жана керектөө процесстеринде “Нөл калдык” философиясы менен иштөөгө убада беришти",-деп айтты.



Тектеш кабарлар