Бүгүн 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү
10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн улам Түркияда жана чет өлкөлөрдө эскерүү аземдери өткөрүлөт.
Бүгүн Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтканына 86 жыл толду....
10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн улам Түркияда жана чет өлкөлөрдө эскерүү аземдери өткөрүлүүдө.
Улуу жол башчы Ататүрк дүйнөдөн кайтканынын 86 жылдыгында мүрзөсү орун алган борбор шаар Анкарадагы Аныткабирде мамлекеттик азем менен эскерилди.
Мамлекеттик кызматкерлердин Арстандар жолу менен басуусу менен башталган аземде президент Режеп Таййип Эрдоган кызыл жана ак гвоздикалардан турган жарым ай жана жылдыз гүлчамбарын Ататүрктүн мавзолейине койду.
Мындан 86 жыл мурун Ататүрк дүйнөдөн кайткан саат 09.05те бир мүнөттүк унчукпай эскерилип, Мамлекеттик гимн ырдалды.
Андан соң мамлекеттик кызматкерлер Мисак-и Милли (Улуттук пакт) мунарасына барышты.
Президент Эрдоган Аныткабир атайын дептеринде мындай деп жазды:«Урматтуу Ататүрк, түбөлүк дүйнөгө өткөнүңүздүн 86 жылдыгында сизди дагы бир жолу ырайым менен эскеребиз. Сиздердин жана шейиттерибиздин аманаты болгон Түркия Республикасын ар бир тармакта даңазалоо жана бекемдөө, айланасындагы кризистерге карабастан ырааттуулук жана коопсуздукта өстүрүү үчүн бардык күчүбүз менен аракет кылуудабыз. Кайрадан улуу Түркия максаты жана Түркия Кылымынын көз карашы менен, 85 миллион калк, бир жүрөк, бир билек менен, даңктуу өткөнүбүздөн жаркын келечекке карай куттуу сапарыбызды бекем кадамдар менен улантып жатабыз. Мекенибиздин ар бир сантиметр жеринде тынчтык, бейпилдик, адилеттик, өнүгүү, бир туугандык өкүм сүргөн Түркияны курмайынча токтобой, тыным албай жүрүп отурабыз. Жаткан жериң жайлуу болсун».
Президент Эрдоган Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин жаңы имаратында өткөрүлө турган эскерүү программасына да катышат.
Мамлекеттик салтанаттан кийин Аныткабир жарандар үчүн ачылды.
Түркиянын булуң-бурчунан келген атуулдар Ататүрктүн күмбөзүнө зыярат кылып, дуба кылып, бир мүнөт унчукпай таазим менен эскеришти.
Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайткан күнүндө өлкөнүн бардык жеринде уюштурулган аземдер менен эскерилди.
Ататүрк 86 жыл мурун каза болгон Стамбулдагы Долмабахче сарайындагы бөлмөсүндө азем менен эскерилди.
Ататүрктүн бөлмөсүнө зыярат кылууну каалаган жарандар аба ырайынын жаанчыл болгонуна карабай сарайдын алдында узун кезектерди түзүштү.