Түркия Пакистандагы кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги Кветта шаарындагы террордук кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.
Түркия Пакистандын Кветта шаарындагы поезд станциясына жасалган террордук кол салууну катуу түрдө айыптады.
Тышкы иштер министрлиги Кветта шаарындагы террордук кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.
Террордук кол салуунун "күчтүү түрдө" айыпталгандыгы белгиленген билдирүүдө Пакистан элине көңүл айтып жана жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланды.
Билдирүүдө Түркиянын Пакистанды террор менен күрөшүндө колдоону улантары баса белгиленди.
Пакистандын Белужистан аймагынын Кветта шаарындагы поезд станциясында болгон жарылууда алгачкы маалыматтарга караганда кеминде 26 кишинин каза болгондугу, 46 кишинин жаралангандыгы билдирилген.
Тектеш кабарлар
Түркия 2023-жылы TIMSS рейтингин жогорулатты
Түркия 1999-жылдан бери катышкан TIMSS изилдөөсүнүн 2023-жылдагы жыйынтыгы жарыяланды.