Түрк аскерлери Косово коопсуздук күчтөрүн машыктырды

НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчтөрүнүн (KFOR) курамында кызмат кылган  Түркиянын өкүлчүлүк делегациясынын төрагалыгы Косово коопсуздук күчтөрүнүн (FSK) аскерлерине түрк тактикалык дөңгөлөктүү брондолгон «Кобра» унаасы боюнча машыгуу өткөрдү.

2208373
Түрк аскерлери Косово коопсуздук күчтөрүн машыктырды

НАТОнун Косово Тынчтык күчтөрүнүн (KFOR) курамында кызмат кылган  Түркиянын өкүлчүлүк делегациясынын төрагалыгы Косово коопсуздук күчтөрүнүн (FSK) аскерлерине түрк тактикалык дөңгөлөктүү брондолгон «Кобра» унаасы боюнча машыгуу өткөрдү.

Косово коопсуздук күчтөрүнүн социалдык медиа эсебинен түрк аскерлеринин "Кобраны" коопсуз жана эффективдүү колдонуу үчүн өткөргөн машыгуулары тууралуу маалымат берилди.
Маалыматта түрк армиясы менен кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн теориялык жана практикалык окуулар менен косоволук аскерлердин аскердик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруунун максат кылынганы белгиленди.

Косово жана чек арадан тышкаркы кризистик башкаруу операцияларын камсыз кылуу, өлкөдө жарандык коргонуу операцияларында жана табигый кырсыктар менен  өзгөчө кырдаалдарда кызмат аткаруу максатында 2009 -  жылы түзүлгөн Косово коопсуздук күчтөрүнүн 2018 - жылы мыйзамдуу өзгөртүүлөр менен куралдуу күчтөргө айландыруу процесси баштатылган. Процесстин  10 жылга созулушу күтүлүүдө. 

Косоводо 1999 -  жылдан бери НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчтөрүнүн курамында кызматк ылган түрк аскерлери Косово коопсуздук күчтөрүн куралдуу күчтөргө айландыруу процессине түрдүү салым кошууда. Өзгөчө Косово коопсуздук күчтөрүнүн аскердик инвентарында көп сандаган түрк продукциясы бар.  

 

 



Тектеш кабарлар