Хакан Фидан эртең ИКУ – Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат
Тышкы иштер министри Фидандын катышуусу менен Газа байланыш тобу бир топ өлкөнү кыдырып, эл аралык уюмдардын жооптуулары менен жолугушууларды өткөрдү. Байланыш тобунун аткарган иштери менен Палестина тууралуу маалымдуулук жогорулады.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) – Араб лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинин алкагында эртең боло турган ИКУ – Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда быйыл боло турган саммитте 2023 - жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жана Израилдин Газа, Батыш Шериа, Ливан жана башка аймак өлкөлөрүнө кол салууларын токтотуу үчүн конкреттүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.
Өткөн жылдагы саммиттин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири Түркия, Сауд Арабия, Египет, Иордания, Катар, Палестина, Индонезия жана Нигериядан турган Газа байланыш тобунун түзүлүшү жана Байланыш тобунун Газадагы согушту токтотуу жана эки мамлекеттүү чечимге жетүү максатында иштерин улантууда.
Тышкы иштер министри Фидандын катышуусу менен Газа байланыш тобу бир топ өлкөнү кыдырып, эл аралык уюмдардын жооптуулары менен жолугушууларды өткөрдү. Байланыш тобунун аткарган иштери менен Палестина тууралуу маалымдуулук жогорулады.
Өткөн жылдагы саммиттин аягында жарыяланган биргелешкен декларацияда мүчө мамлекеттердин Израилге каршы саясий, дипломатиялык жана юридикалык кысым көрсөтүүгө жана башка тоскоол болуучу чараларды көрүүгө чакырылышы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ок атышпоо чечимин кабыл алуусу талап кылынган.
Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-жыйыны 2025-жылы Түркиянын кожоюндугунда Стамбулда өткөрүлөт. Түркия бир жылдык мөөнөт менен тышкы иштер министрлер конференциясынын кезектешкен башкаруучулугун аткарат.
Тектеш кабарлар
Фидан журналисттердин суроолоруна жооп берди
"Түркиянын Дамасктагы элчилиги кайрадан ачылабы?" деген суроо узатылды.
Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.