Алпарслан Байрактар "Абдүлхамид Хан" бургулоочу кемеси Кара деиңзде ишин баштагандыгын билдирди
"Абдүлхамид Хан" бургулоочу кемеси бүгүнтөн тарта Кара деңиздеги Амасра - 4 скважинасындагы алгачкы бургулоо иштерин баштады.
"Абдүлхамид Хан" бургулоочу кемеси бүгүнтөн тарта Кара деңиздеги Амасра - 4 скважинасындагы алгачкы бургулоо иштерин баштады.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менчик телеканалда катышкан программада Түркиянын энергияга болгон тышкы көз карандылыгын азайтуу максатында өлкө ичинде жана тышында мунай жана жаратылыш газ чалгындоо жана өндүрүү иштеринин, түрдүү долбоорлордун ишке ашырылып жатканын айтты.
Байрактар түрк кеме куруу ишканаларында курулган "Оруч Реис" изилдөө кемесинин биринчи жолу башка өлкөдө иштей баштаганын, Сомалиде 6 - 7 ай сейсмикалык чалгындоо иштеринин жүргүзүлөрүн белгиледи.
Чет өлкөдө мунай өндүрүү иштерине токтолгон Байрактар : «Ирак, Россия жана Азербайжанда күнүмдүк болжол менен 40 миң баррел мунай өндүрүшүбүз бар. Бүгүнкү күндө Түркиядагы өндүрүшүбүз 110 миң баррелден ашты»,-деди.
Байрактар Габардагы күнүмдүк өндүрүштүн 56 миң 700 баррелге жеткенин, Шырнак, Хаккари жана Вандагы жаңы талаалар менен жаңы ачылыштардын максатталганын белгиледи.
Каспий деңизинде Шах Дениз долбоорундагы өнөктөштүктөр менен Түркияда өндүрүлгөндөгүгө караганда дагы көп жаратылыш газ өндүрүлгөнүн белгилеген Байрактар : «Ливияда, Нигерде, Суданда, Сомалиде жана башка географияларда мунай, жаратылыш газы жана кендер тууралуу так долбоорлорду иштеп жатабыз. Учурда Нигердеги үч алтын кенинде иштер уланууда. 2025 - жылы биринчи алтыныбызды өндүрөбүз",- деди.
Байрактар Түркияда жалпы жаратылыш газ өндүрүшүнүн күнүнө 8 миллион метр кубга жеткенине көңүл буруп, Кара деңизде иш-аракеттердин уланып жатканын белгилеп : ""Абдүлхамид Хан" кемеси бүгүн эртең менен Амасра аймагында бургулоо иштерин баштады. Болжол менен 30 күнгө созула турган бургулоо иштерин баштадык. Буюрса ал аймактан оң натыйжа алабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.