УКМ Азербайжанды куттуктады
Министрлик куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.
2208078
Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Азербайжанды 8-ноябрь Жеңиш күнү менен куттуктады.
Министрликтин билдирүүсүндө «Түркия менен Азербайжан түбөлүккө бир улут, эки мамлекет катары бирге болууну уланта берет» деп айтылып «Карабахта баатырдык күрөш менен өз жерлерин баскынчылардан куткарган жана түрктөрдүн күчүн бүткүл дүйнөгө көрсөткөн азербайжандык түрк боордошторубузду 8-ноябрь Жеңиш күнү менен куттуктайбыз» деген сөздөр камтылды.
Бүгүн 2020-жылы Армениянын 30 жылдык оккупациясын токтоткон Карабах жеңишинин жылдыгы.
Азербайжан бул тарыхый жетишкендикти белгилөө үчүн жыл сайын 8-ноябрда иш-чараларды уюштурат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди
Эрдоган Сирияда 27-ноябрда башталган кагылышууларга токтолду.