Стамбул, Анталия жана Измир бул жылы дагы 100 бренд шаар тизмесине кирди
Шаарлар таанылуу, кадыр - барк жана артыкчылык, ошондой эле бизнес жана инвестициялык жагымдуулук, маданият жана мурас, илим жана билим, башкаруу, адамдар жана баалуулуктар, туруктуулук сыяктуу 7 негизги тема жана 45 бөлүмдүн астында изилденди.
Алдыңкы бренддерге баа берүү компаниясы Brand Finance тарабынан даярдалган тизмеге Түркия, Америка Кошмо Штаттары, Германия, Австралия, Бириккен Араб Эмираттары, Бразилия, Кытай, Индонезия, Франция, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Британия, Испания, Италия, Япония, Канада, Мексика, Нигерия жана Сауд Арабия сыяктуу 20 өлкөдөн 15 миң адам катышты.
Шаарлар таанылуу, кадыр - барк жана артыкчылык, ошондой эле бизнес жана инвестициялык жагымдуулук, маданият жана мурас, илим жана билим, башкаруу, адамдар жана баалуулуктар, туруктуулук сыяктуу 7 негизги тема жана 45 бөлүмдүн астында изилденди.
Былтыры болгондой эле, быйыл да тизменин биринчи үч орундугуна Лондон, Нью - Йорк жана Париж кирди. Токио 4 - орунда, Дубай 5 - орунда, Сингапур 6 - орунда, Лос - Анджелес 7 - орунда, Сидней 8 - орунда, Сан - Франциско 9 - орунда, Амстердам 10 - орунда.
Өткөн жылы жалпы рейтингде 57 - орунда болгон Стамбул быйыл 6 тепкичке көтөрүлүп, 51 - орунга чыкты. Ошол эле тизмеде Анталья 93 орунда, Измир 98 - орунда.
3 чоң шаардын негизги ийгилик рейтинги да түзүлдү. Таанылууда Стамбул 31, Анталия 95, Измир 100 - орунга ээ болду.
Кадыр - барк боюнча Стамбул 51 - орунда, Анталия 93 - орунда, Измир 97 - орунда.
Артыкчылык рейтингинде Стамбул 62, Анталья 93, Измир 97 - орунда.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.