Президент Эрдоган Венгрияда бир топ өлкөлөрдүн президент жана премьер - министрлери менен жолугушту

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган Венгрияда Макрон менен жолугушуусунда Түркия менен Франциянын карым - катнаштары жана аймактык, глобалдык маселелер каралды.

2207983
Президент Эрдоган Венгрияда бир топ өлкөлөрдүн президент жана премьер  - министрлери менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган француз кесиптеши Эммануэль Макрон, Голландиянын премьер-министри Дик Шуф ​​жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен жолугушту.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдогандын Европа саясий шериктештигинин саммити үчүн барган Венгрияда Макрон менен жолугушуусунда Түркия менен Франциянын карым - катнаштары жана аймактык, глобалдык маселелер да каралды.

Президент Эрдоган Түркия менен Франциянын ортосундагы карым – катнаштардын терең тамырлуу тарыхка негизделгенин, соода жана экономикалык карым – катнаштардын тереңдешинин эки өлкөгө пайда алып келерин айтты.

Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк стратегиялык көз карашы менен иш алып барганын, процессти жандандыруунун зарылчылык экенин, Бажы биримдигинин (ЕБ менен Түркиянын ортосундагы) жаңылануусу жана визанын либерализациясы (түрк жарандары үчүн) тууралуу убадалардын аткарылышынын күтүлгөнүн белгилеген Эрдоган : Россия – Украина, Израиль - Палестина, Израиль - Ливан жана ушул сыяктуу чыңалуулардын тынчтыктын негизинде дипломатия менен токтотуунун бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгында экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган Нидерландиянын премьер-министри Шуфту да кабыл алды.

Түркия - Нидерландия карым -катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралган жолугушууда Эрдоган карым - катнаштарды жакшыртуу, соода көлөмүн кеңейтүү жана коргоо өнөр жайы, жашыл жана санариптик трансформация жана энергетика тармактары баш болгон бардык тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу аракеттеринин уланып жаткандыгын белгиледи.

Эрдоган Түркиянын Украина, Палестина жана Ливан баш болгон дүйнөнүн тынчтыгына жана бейпилдигине коркунуч келтирген бардык кризистик аймактарда туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аракет кылганын белгилеп, эл аралык коомчулуктун Израилдин агрессиясын токтотуу үчүн биргелешип иштешинин өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Президенттиктин коммуникациябашкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Франциянын эки тараптуу карым- катнаштары менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Эрдоган Даниянын премьер - министри Метте Фредериксен менен эки тараптуу карым - катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаган жолугушууда өз ара сооданы арттыруу менен Түркия - Дания карым – катнаштарын күчтөндүрүү үчүн аракет кылгандарын, бул багытта аракеттердин улана турганын айтты.

Президент Эрдоган, Биримдикке мүчө өлкөлөрдөн Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессин жандандыруу жана Бажы биримдигин күчтөндүрүү үчүн кадамдардын күтүлүп жатканын, мунун Европа Биримдигин күчтөндүрө тургандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган Израилдин Палестина аймактарында жана Ливанда, өзгөчө Газада адамзатка каршы кылмыш кылганын белгилеп, бардык өлкөлөрдүн Израилге саясий жана дипломатиялык басымды күчөтүү үчүн аракет кылышынын маанилүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар