Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Бразилияда жолугушууларды өткөрдү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикериНуман Куртулмуш Чоң жыйырмалыктын парламент спикерлеринин саммитине катышкан Бразилияда Италиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Лоренцо Фонтана менен жолугушту.

2208085
Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Бразилияда жолугушууларды өткөрдү
italya temsilciler meslisi bsk.lorenzo fontana.jpg
kurtulmuş- brezilya federal senatosu başkanı rodrigo pacheco.jpg

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Чоң жыйырмалыктын парламент спикерлеринин саммитине катышкан Бразилияда Италиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Лоренцо Фонтана менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен Италиянын ортосундагы оң карым – катнаштардын парламенттер тарабынан колдоого алынышы керектигин баса белгилеген Куртулмуш, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн 21 миллиард доллардан 30 миллиард долларга жеткирүү үчүн иштөөнүн маанисине көңүлдөрдү бурду.

Өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кризистерди акырына чыгаруу үчүн тынчтык перспективасынын зарыл экенин белгилеген Куртулмуш, Израилдин Палестина жана Ливандагы кол салууларынын аймактык тынчтыкка коркунуч туудурганын, бул агрессиянын токтотулушунда Италиянын  демилгесинин пайдалуу болоорун белгиледи.

Куртулмуш Фонтананы Түркияга чакырды.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Бразилиянын Федералдык сенатынын төрагасы Родриго Пачеко, Бразилиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Артур Сезар Перейра Де Лира жана Түштүк Кореянын Улуттук Парламентинин төрагасы Ву Вон-шик менен да өзүнчө жолугушту.

 



Тектеш кабарлар