Хакан Фидан Грецияда
Хакан Фидан Грециянын борбор шаары Афинада Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Герапетритис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия-Греция карым-катнаштарынын оң багытта илгерилеп баратканын айтып: «Алдыбыздагы тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек»,-деди.
Хакан Фидан Грециянын борбор шаары Афинада Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Герапетритис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштардын оң багытта илгерилеп баратканын белгилеген министр Фидан: «Көп өлчөмдүү кызматташтыгыбыз күчтөнүүдө. Алдыбыздагы тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы позитивдүү климатты туруктуу кылышыбыз зарыл. Түбөлүктүү коңшулукту түбөлүктүү достукка айландырышыбыз керек»,-деди.
Транспорт кызматташтыгынын алкагында Ипсала-Кипи чек ара бекетинде экинчи көпүрөнүн курулушу үчүн даярдык иштеринин уланып жатканын баса белгилеген Фидан: «Кипр маселесин аралдагы фактылардын негизинде талкуулоону улантабыз. Убакыттын өтүшү менен Федерация моделинин аралда жараксыз экени далилденди. Аралда түрктөрдүн да, гректердин да коопсуздугун камсыз кыла турган жаңы рухка муктаждык бар»,-деди.