Каржы министри Мехмет Шимшек Кытайдын вице-президенти Хан Цин менен жолугушту
Түркия - Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин экинчи жыйыны үчүн Пекинге барган Шимшек жолугушууларын улантууда.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Кытайдын вице - президенти Хан Цин менен жолугушту.
Түркия - Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин экинчи жыйыны үчүн Пекинге барган Шимшек жолугушууларын улантууда.
Министр Шимшек жолугушууларынын алкагында Кытайдын вице - президенти Хан менен жолугушту.
Пекиндеги Элдик Чоңдор залында өткөрүлгөн кабыл алууда Шимшек эки өлкөнүн карым - катнаштарын президент Режеп Таййип Эрдоган менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин орток эркинин негизинде алга жылдырып жатканын айтты.
Вице - президент Хан да эки өлкөнүн лидерлеринин эркине ылайык, акыркы жылдарда карым - катнаштарда олуттуу ылдамдыкка жетишилгенин жана ушунун негизинде Түркия - Кытай өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин экинчи жыйынын Пекинде өткөрүүгөмаани беришкендерин айтты.
Кытай тараптын Түркия менен өз ара саясий ишенимди дагы да бекемдөөнү максат кылганын белгилеген Хан, эки өлкөнүн; негизги кызыкчылыктарды коргоо, өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүү, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча координацияны күчөтүү үчүн бирдикте иштөөгө даяр экендерин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестиция, транспорт, коммуникациялык инфраструктура, энергетика, айыл чарба жана туризм сыяктуу кызматташтыктын багыттарын жана башка эки тараптуу маселелерди талкуулашты.
Тектеш кабарлар
Немис туристтердин тандоосу Түркия
Түркия келерки жайда немис туристтери үчүн «эң көп тандалган» өлкө болду.