Эрдоган Венгриядан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Эрдоган Кыргызстан жана Венгрияга барып келди.

2208153
Эрдоган Венгриядан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Дональд Трамптын АКШдагы президенттигинин Жакынкы Чыгыштагы саясий жана аскердик тең салмактуулуктарга олуттуу таасир этерин айтты.

Президент Эрдоган Кыргызстан жана Венгрияга сапарынан кийин өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Дональд Трамп менен 5-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин жылуу телефондук сүйлөшүү өткөргөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Шайлоо процессин жана Түркия-АКШ кызматташтыгын сүйлөштүк. Мындан кийинки процесске байланыштуу Түркия тууралуу жакшы сөздөрдү айтты. Аны өлкөбүзгө чакырдык. Биздин чакыруубузду кабыл алат деп ишенем»,- деди.

«Палестина маселеси жана Орусия-Украина кризиси баш болгон көптөгөн кыйынчылыктардын алдында турабыз»,-деген президент Эрдоган: «Түркия-АКШ кызматташтыгы менен аларды жеңүү мүмкүн. Израилдин Палестина жана Ливандагы агрессиясын токтотуу үчүн Трамп мырзанын Израилге курал-жарак берүүсүн токтотуусу жакшы башталыш боло алат. Трамп Израиль баштаган бул жаңжалдарды токтотууну убада кылды. Биз да ошол убаданын аткарылышын жана Израилге «токто» деп айтышын каалайбыз. Трамп мезгилинде АКШ администрациясынын маселеге чечүүчү көз караш менен мамиле кылганын көрсөк, биз (Орусия-Украина) бул согушту оңой эле бүтүрө алабыз»,-деди.

Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарына да баа берген президент, саясий тоскоолдуктарга такалып калбастан Европа Биримдиги менен тең шарттарда карым-катнашты жактагандарын белгилеп «Европа Биримдигинен (талапкерлик процессинде) жоголгон убакыттын ордун толтура турган көрөгөч мамилени күтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар