Эрдоган: «Трамптан туура эмес саясаттардан баш тартышын күтөбүз»
Президент Эрдоган Стамбулда «6-Эл аралык аялдар жана адилеттүүлүк саммитинде» сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдагы президенттик жарышта жеңишке жеткен Дональд Трамптан мурдагы башкаруучулугунун туура эмес саясаттарынан баш тартуусун күткөнүн айтты.
Президент Эрдоган Стамбулда «6-Эл аралык аялдар жана адилеттүүлүк саммитинде» сөз сүйлөдү.
Эрдоган Газада акыркы 13 айда Израиль тарабынан өлтүрүлгөн 50 миңден ашуун бейкүнөө адамдын үчтөн экисинин аялдар жана балдар экенине көңүл бурду.
«Газадагы бомбалардын астында балдарын, үй-бүлөлөрүн, мекенин жана доосун коргогон Палестинанын эр жүрөк аялдары мактоого арзырлык» деген Эрдоган: «Газа жана Ливандагы кыргын токтоп, ок атышпоо жана тынчтык орногонго чейин бир туугандарыбызга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.
«Кымбаттуу досум Трамптан экинчи президенттик мөөнөтүндө мурунку башкаруунун туура эмес саясаттарынан баш тартышын күтөбүз»,-деп айткан Эрдоган: «Урматтуу президенттин (Трамп) согуштарды токтотуу үчүн аракет кыларына чын жүрөктөн ишенебиз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.