Эрдоган Азербайжанды Жеңиш күнү менен куттуктады
Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Карабах жеңишинин 4 жылдыгын чоң кубаныч жана сыймыктануу менен белгилеген Азербайжанды жана азербайжан элин Жеңиш күнү менен куттуктаганын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Карабах жеңишинин 4 жылдыгынан улам Азербайжанды Жеңиш күнү менен куттуктады.
Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Карабах жеңишинин 4 жылдыгын чоң кубаныч жана сыймыктануу менен белгилеп жаткан Азербайжанды жана азербайжан элин Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктаганын айтты.
Президент Эрдоган: «Бир тууганым президент Илхам Алиевдин негизинде 44 күндүк согуштан кийин жеңишке жетишкен Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн баатыр жоокерлерине өз өлкөмдүн жана улутумдун атынан терең урматтоо менен саламымды жолдойм. Аттары тарыхка жазылган бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеремин. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Карабахтын асманында ай жылдыз желбиресин деп өз жанын берген баатырларды ар дайым ыраазычылык менен эскеребиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.