Акдениз университетинин ооруканасынын ийгилиги
Технологиялык инфраструктурасы жана күчтүү командасы менен ар түрдүү дарылоолор ишке ашырылган борбордо жаңы өнүгүүлөр боюнча да изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Дүйнөдөгү алгачкы жатын трансплантациясы жана Түркиядагы алгачкы бет жана кош кол, жүрөк, боор, жилик чучугу, бөйрөк, корнеа, уйку бези жана ичке ичеги трансплантациясы жасалган Акдениз университетинин ооруканасы «биринчилердин борбору» катары алдыңкы ролду ойноодо.
Чет өлкөдөн жана Түркиянын башка облустарынан көптөгөн бейтаптар Антальядагы Акдениз университетинин ооруканасы жана Профессор Тунжер Карпузоглу орган трансплантология борборунда сакайып кетишүүдө.
Технологиялык инфраструктурасы жана күчтүү командасы менен ар түрдүү дарылоолор ишке ашырылган борбордо жандуу жана өлүк трансплантацияларынан тышкары жаңы өнүгүүлөр боюнча да изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Органдарды трансплантациялоо борборунун директору профессор Доктор Өмер Өзкан: «Европадагы алгачкы орган трансплантация ооруканасы бул жерде. Дүйнө жүзү боюнча эң көп трансплантация жасалган борбор болуп саналат. Түркиядагы биринчи кош кол, бет трансплантациялары, дүйнөдөгү алгачкы жатын трансплантациялары ушул жерде жасалды. Мамлекеттик ооруканалардын арасында эң көп бөйрөк алмаштырылган борборбуз. Бөйрөк, жүрөк, уйку бези жана ичке ичеги трансплантациялары жасалууда. Мындай ар түрдүү трансплантациялар жасалган кеңири жабдылган башка борбор жок»,- деди.
Тектеш кабарлар
Фидан журналисттердин суроолоруна жооп берди
"Түркиянын Дамасктагы элчилиги кайрадан ачылабы?" деген суроо узатылды.
Президент Эрдоган Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдар, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.