Венгрияда дезинформация менен күрөшүү тууралуу жыйын болду

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Венгриянын борбор шаары Будапештте «Европада жалган маалымат менен күрөшүү: туруктуу жана коопсуз келечек куруу» аттуу жыйын өткөрдү.

2207895

Жыйында дезинформациянын таралышынын динамикасы жана кесепеттери  менен бул маселени алдын алуу боюнча стратегиялар талкууланды.

Жыйынга катышкан түрк жана венгриялык окумуштуулар, медиа өкүлдөрү жана дипломаттар жалган маалыматтын улуттук жана глобалдык коопсуздукка тийгизген терс таасирин баса белгилеп, эл аралык кызматташтыктын маанисине токтолушту.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун жыйынга жиберген видео кайрылуусунда дезинформациянын демократиялык процесстерге жана коомдордун тынчтыгына коркунуч туудурганын белгиледи.

Алтун дезинформация менен күрөшүүнүн демократиялык процесстердин иштеши, эл аралык коопсуздук жана ырааттуулуктун сакталышы жана коомдордун тынчтыгы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Түркиянын Будапешттеги элчиси Гүлшен Каранис Экшиоглу дезинформациянын глобалдык маселеге айланганын жана Түркия менен Венгриянын кызматташуусун арттыруулары керектигин айтты.

Тектеш кабарлар