Түркиянын БУУнун туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Израилге каршылык көрсөттү
Элчи Ахмет Йылдыз БУУнун Башкы ассамблеясынын UNRWA менен байланыштуу абалдар талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.
2207537
Түркиянын БУУнун туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Израилдин БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттигине( UNRWA ) карата кол салууларына каршылык көрсөттү.
Элчи Ахмет Йылдыз БУУнун Башкы ассамблеясынын UNRWA менен байланыштуу абалдар талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.
Элчи Йылдыз Израилдин агенттиктин кызматкерлерине жана мекемелерине кол салуулардын кабыл алынгыс экендигин айтты.
Түркиянын бул кол салууларды катуу айыптагандыгын белгилеген Йылдыз : "Агентикке болгон кол салуунун БУУнун Башкы ассамблеясына карата кол салуу катары каралышы керек",- деди. Элчи Йылдыз : "БУУ агенттигинин өзүм билемдик жана саясий максаттарга дуушар болушу кабыл алынгыс",- деди.