Министр Кажыр : "Болот куполду ылдамдык менен бүтүрөбүз"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын 16 чейректен бери өсүүнү улантканын белгиледи.

2207896
Министр Кажыр : "Болот куполду  ылдамдык менен бүтүрөбүз"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр абадан коргоо системасы "Болот куполдун" өнүктүрүлүшүн тез арада бүтүрө тургандарын белгилеп: «Алыс аралыкка учуучу ракеталарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү алдыңкы деңгээлге чыгарабыз»,-деди.

Кажыр  Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  План жана бюджет комиссиясында министрлик жана ага караштуу уюмдардын 2025 - жылдагы бюджети тууралуу баяндама жасады.

Эл аралык экономиканын аймактык кагылышуулар жана глобалдык  соодада протекционизм чараларынын таасири астында экендигин белгилеген Кажыр циклдик кыйынчылыктарга карабастан Түркиянын 16 чейректен бери өсүүнү улантканын белгиледи.

Кажыр өнөр жай өндүрүш индекси пандемияга чейинки мезгилге караганда Германияда 10,3 пайыз, Италияда 6,1 пайыз, Францияда 3 пайыз жана Испанияда 1,4 пайыз төмөн болсо, Түркияда 19,7 пайызга өскөндүгүн айтты.

Экспорттун коргонуу жана авиациялык өнөр жайда 17,8 пайыз, болотто 8,8 пайыз, автоунаада 6,4 пайыз жана химиялык продукцияда 2,5 пайыз өскөнүн баса белгилеген Кажыр, бул ийгиликтин акыркы 22 жылда жетишкен ийгиликтеринин натыйжасы экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар