Тышкы иштер министри Афинага барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан грек кесиптеши Йоргос Герапертритис менен жолугушуу үчүн жума күнү Грециянын борбор шаары Афинага барат.

2207377
Тышкы иштер министри Афинага барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан грек кесиптеши Йоргос Герапертритис менен жолугушуу үчүн жума күнү Грециянын борбор шаары Афинага барат.

Жыйында 2025 - жылдын башында борбор шаар Анкарада өткөрүлүшү күтүлгөн Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 6 - жыйынына карата даярдыктар каралат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Саясий диалог» жана «Оң күн тартиби биргелешкен иш-аракеттер планы» жыйындарын өткөрүү күндөрүнүн такталышы  күтүлүүдө.

Министр Фидан менен грек кесиптеши акыркы жолу 5 - сентябрда борбор шаар Анкарада жолугушкан.

Дипломатиялык булактар ​​Түркиянын Эгей деңизиндеги көйгөйлөрдүн бири - бирине менен байланыштуу экендигин жана бир бүтүн катары каралышы керек деген позициясынын уланып жатканына көңүл бурушту.

Түркия - Греция карым - катнаштарындагы учурдагы оң ылдамдоонун  Батыш Фракия түрк азчылыгы менен Салоники, Родос жана Костагы түрк тектүүлөрдүн  абалында да чагылдырылышы менен түрк азчылыгына жана тектештерге карата мыйзам бузуулардын  токтошу  тууралуу түра тарабынын күтүүсү да грек тарабына жеткирилет.



Тектеш кабарлар