Стамбулда түрк-грек делегациялары жолугушту

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2207363
Стамбулда түрк-грек делегациялары жолугушту

Түркия менен Грециянын делегациялары «Ишенимди арттыруучу чаралардын 2024-жылдагы ишке ашыруу планынын» алкагында Стамбулда жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түркия менен Грециянын ортосундагы «Ишенимди арттыруучу чаралардын 2024-жылдагы ишке ашыруу планынын» алкагында Грециянын Коргоо министрлигинин делегациясы 5-7-ноябрь күндөрү Стамбулда болушат. Сапардын алкагында Ишенимди арттыруучу чаралар жыйыны Улуттук Коргоо университетинин кампусундагы Көп улуттуу биргелешкен аскердик борборунда башталды» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар