Октябрь айында мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүндө рекордго жетишилди
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, октябрь айында чийки мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүндө рекорддор жаңырды.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар октябрь айында мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүндө айлык жана күнүмдүк базада рекордго жетишилгендигин айтты.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, октябрь айында чийки мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүндө рекорддор жаңырды.
Бул мезгилде ички чийки мунай өндүрүшү ай сайын 3 миллион 361 миң 725 баррель жана жаратылыш газ өндүрүшү 234 миллион 384 миң 17 метр куб менен айлык базада бардык учурлардын эң жогорку санына жетишти.
Сөзү болуп жаткан чийки мунай өндүрүшүнүн 46,6 пайызы Габардан, жаратылыш газ өндүрүшүнүн 84 пайызы Сакария газ талаасынан камсыздалды.
Күнүмдүк орточо мунай өндүрүшүндө эң жогорку көрсөткүчкө октябрь айында 108 миң 443 баррель, жаратылыш газында 7 миллион 568 миң 242 метр куб менен жетти.
Билдирүүдө көз караштарына орун берилген министр Байрактар : «Октябрь айында мунай жана жаратылыш газ өндүрүшүбүз айлык жана күнүмдүк базада жаңы рекорддорго жетти.Чийки мунай өндүрүүдө 3 миллион 361 миң 725 баррель, жаратылыш газ өндүрүүдө 234 миллион 384 миң 17 куб метр жаратылыш газ менен бардык учурлардын эң жогорку сандарына жетиштик",- деп айтылды.
Түркиянын өсүп жатканын, калкынын саны көбөйүп жана муктаждыктарынын көбөйүп жатканын баса белгилеген Байрактар : "Жаңы аянттарда, жаңы бургулоолор менен мунай жана жаратылыш газында да өндүрүшүбүздү көбөйтөбүз. Сомалиде сейсмологиялык иштерин баштаган Оруч Реис мисалында болгондой ар башка континенттерде жаңы запастар, жаңы ачылуулар үчүн аракет кылабыз. Максатыбыз – энергетикада толук көз карандысыз Түркия",- деди.
Тектеш кабарлар
Алтун «Кризистик байланыш семинарынын» ачылышында сөз сүйлөдү
Түркиянын Сириянын биримдигин жана жеринин бүтүндүгүн колдой турганын баса белгиледи.