Режеп Таййип Эрдоган Стратегиялык кызматташуу кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия  -  Кыргызстан соода карым  - катнаштарын дагы да арттыра тургандарын айтты.

2206535
Режеп Таййип Эрдоган Стратегиялык  кызматташуу кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия  -  Кыргызстан соода карым  - катнаштарын дагы да арттыра тургандарын айтты. 

Президент Эрдоган Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы отурумунда сөз сүйлөдү. 

Эки өлкөнүн коопсуздук мекемелеринин ортосундагы кызматташтыктын билим берүү жана техникалык колдоо долбоорлору менен ийгиликтүү уланып жатканын баса белгилеген Эрдоган :  «Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) башта болгон  ар кандай террорго каршы күрөшүбүздүн үзгүлтүксүз уланарына ишенем. Бүгүн кол коюла  турган Коопсуздук Кызматташтык Келишими аркылуу кызматташтыгыбызды мындан ары да бекемдөөнү каалайбыз",- деди.

Газа баш болгон оккупацияланган Палестина жерлеринде уланып жаткан Израиль зулумчулугу глобалдык өлчөмдө абийирди тереңден жаралап жаткандыгын белгилеген Эрдоган : "Израилдин Ливанга карата кол салуулары бүткүл аймактын коопсуздугун жана эл аралык системаны коркунучка салууда. Азербайжандын Шуша шаарында өткөн Түрк Мамлекеттери Уюмунун расмий эмес саммитинде Газада жарандардын ылгабастан  бутага алынышын айыптап, тез арада ок атышпоо жана гуманитардык жардамга чакыруу салганбыз. Түрк дүйнөсү катары Палестина маселесинин туруктуу жана адилеттүү түрдө чечилиши үчүн аракеттерибизди улантуу абдан маанилүү",- деди.

Президент : "Израилге карата эл аралык кысымдын күчөтүлүшү үчүн БУУ менен бирге көп тараптуу демилгелерибизге Кыргызстандын кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем",- деди. 

Жапаров президенттик сарайда өткөн аземде  Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү  өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин достук карым  - катнаштарын бекемдөөгө кошкон салымдарынан улам Эрдоганга биринчи даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Эрдоган да Садыр Жапаровго Түркиянын жергиликтүү жана улуттук электрлүү унаасы ТОГГду белек кылды.

Президент Кыргыз  -  Түрк "Манас" университетине барып  массалык ачылыш аземине да катышты.

2022 - жылы Түркиянын «Маариф» фонду мектебинин ачылышы менен Кыргызстанда билим берүүгө колдоо көрсөтө тургандарын дагы бир жолу тастыкташкандарын баса белгилеген Эрдоган, бүгүнкү күнгө чейин миңдеген кыргызстандык студенттерге Түркия стипендиясы аркылуу Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштагандарын айтты.

Эрдоган Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги  башкармалыгы Бишкекте курулган Режеп Таййип Эрдоган Бишкек кыргыз  -  түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын ачылышын да аткарды. 

Президент Эрдоган Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын 11 -  саммитине катышуу үчүн барган Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте расмий азем менен тосуп алынды.

 

 



Тектеш кабарлар