Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Бразилияга барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Чоң жыйырмалыктардын парламент башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бразилияга барат.

2206724
Парламенттин спикери Нуман Куртулмуш Бразилияга барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Чоң жыйырмалыктардын парламент башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бразилияга барат.

Бразилиянын Өкүлдөр палатасы тарабынан уюштурулган парламент башчыларынын (P20)  саммити борбор шаар Бразилияда  6 – 8 -  ноябрда  «Адилеттүү дүйнө жана туруктуу планета» деген темада өткөрүлөт.

Улуттук Конгресс сарайындагы саммитте : «Парламенттердин ачкачылык, жакырдык жана теңсиздик менен күрөшкө кошкон салымы», «Туруктуу өнүгүүнү колдоодо парламенттердин милдети» жана «21-кылымдын көйгөйлөрү менен шайкеш глобалдык башкарууну куруу тууралуу парламенттердин милдети» деген темалардагы сессиялар өткөрүлөт.

Бул сессияларда сөз сүйлөй тургандыгы күтүлүп жаткан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуштун саммиттин негизинде айрым катышуучу өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар