Антальяга келген туристтердин саны 16 миллиондон ашты
Дүйнөнүн маанилүү туризм багыттарынын бири Антальяга 1-январдан 31-октябрга чейин келген туристтердин санында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 пайыздык өсүү катталды.
Антальяга быйыл 10 айда келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 пайызга өсүп 16 миллион 131 миң 847ге жетти.
Эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр Орусия, Германия жана Британия болду.
Облустук Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, дүйнөнүн маанилүү туризм багыттарынын бири Антальяга 1-январдан 31-октябрга чейин келген туристтердин санында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 пайыздык өсүү катталды.
Шаарда быйыл эс алган туристтердин саны 16 миллион 131 миң 847ге жетти. Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде Орусия 3 миллион 764 миң 693 турист менен биринчи, Германия 3 миллион 298 миң 154 турист менен экинчи, Британия 1 миллион 487 миң 429 турист менен үчүнчү орунду ээледи.
Британиядан кийин Польша, Нидерландия, Казакстан, Румыния, Украина, Чехия жана Литва турат.
Антальяга 1-31-октябрь аралыгында келген туристтердин саны болсо өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9 пайызга өсүү менен 2 миллион 60 миң 433кө жетти.
Бул айда шаарга эң көп турист 593 миң 51 менен Германиядан келсе, Орусия 519 миң 67 турист менен экинчи, Британия 189 миң 116 турист менен үчүнчү болду.
Британиядан кийин Польша, Нидерландия, Литва, Украина, Швейцария, Беларусь жана Дания ээледи.