Эрдоган Стамбулдагы жыйындын ачылыш программасында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Түркиянын колундагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен палестиналык бир туугандарына жардам берүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

2206246
Эрдоган Стамбулдагы жыйындын ачылыш программасында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы кылымдын эң ырайымсыз геноциддеринин биринин Газада болуп жатканын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда 40- COMCEC (Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана Соода Кызматташтыгы боюнча Туруктуу Комитети) жыйынынын ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

Президент, Израилдин кол салууларына кабылган Палестинада 13 айда 50 миң шейит кеткенин жана 2 миллион кишинин дары-дармексиз, тамак-ашсыз калтырылганын, буга карабастан палестиналыктардын өз намасын коргогонун айтты.  

Эрдоган: «Акыркы кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин биринин көз алдыбызда Газада болду жана болуп жатат. Сионисттик режим жана анын колдоочулары 13 айдан бери ар кандай зулумдуктарды жана геноциддерди жасашты. Бирок алар палестиналык боордошторубузду тизелете алышкан жок»,- деди.

Сионисттердин Газа жана Ливанга кол салуусуна эң жакшы жооптордун биринин, дагы көп мамлекеттердин Палестина мамлекетин таануусу болорун баса белгилеген Эрдоган, Ислам дүйнөсүнүн пикир келишпестиктерин четке коюп Палестина менен Ливанга колдоо көрсөтүүсүнүн чоң мааниге ээ экенин айтты.

Президент Эрдоган, Израилдин геноцидине каршы биринчи күндөн бери эң чечкиндүү позицияны карманган өлкөлөрдүн бири болгон Түркиянын колундагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен палестиналык бир туугандарына жардам берүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Эрдоган Түркиянын 85 миң тоннадан ашуун жардам менен Газага эң көп жардам берген өлкө экенин да белгиледи.



Тектеш кабарлар