Түркия жана 52 өлкө Израилге курал-жарактын агымын токтотуу үчүн чара көрүүнү талап кылууда
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия, Израилге курал жана ок-дары сатууну токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту маалымдоо үчүн БУУнун алкагында биргелешкен кат демилгесин баштады.
Түркия баш болгон 52 өлкө жана 2 эл аралык жана аймактык уюм Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинен Израилге курал жана ок-дарыларды ташууну токтотуу үчүн чара көрүүнү талап кылды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия, Израилге курал жана ок-дары сатууну токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту маалымдоо үчүн БУУнун алкагында биргелешкен кат демилгесин баштады.
Эл аралык Адилет Сотунун Израилдин басып алуу, отурукташтыруу жана аннексиялоо практикасы менен Кудстун калкынын түзүлүшүн, мүнөзүн жана статусун өзгөртүү боюнча чаралардын укуктук кесепеттери жөнүндө 2024-жылдын 19-июлундагы консультациялык корутундуну ишке ашыруу максатында БУУнун Башкы ассамблеясында 2024-жылдын 18-сентябрында Түркия да болгон 124 өлкөнүн оң добушу менен резолюция кабыл алынган.
Бул чечим менен бардык өлкөлөр оккупацияланган Палестина аймактарында колдонулушу мүмкүн деген жүйөлүү негиздер болгон учурларда Израилге курал-жарак, ок-дары жана ага тиешелүү жабдууларды жеткирүүнү же жөнөтүүнү токтотуу боюнча чараларды көрүүгө чакырышты.
Ушул алкакта тышкы иштер министри Хакан Фидандын сунушу менен Израилге курал-жарак жана ок-дарыларды сатууну токтотуу үчүн эл аралык маалымдуулукту арттыруу үчүн БУУнун ичинде биргелешкен кат демилгеси башталды.
Демилге Израилге курал-жарак жана ок-дарыларды сатууну токтотуу менен басылып алынган Палестина аймактарында, өзгөчө Газада Израилдин эл аралык укук, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук жана адам укуктары мыйзамдарын бузууларынын алдын алууну максат кылууда.
Катта Газа, Ливан жана Жакынкы Чыгыштын башка бөлүктөрүндө оккупацияланган Палестина аймактарында күчөгөн зордук-зомбулукка жана эл аралык укуктун бузулушуна терең тынчсыздануу баса белгиленет.
Катта эреже бузуулардын натыйжасында көбүнесе аялдар жана балдар болгон карапайым калктын жоготуулары күндөн-күнгө көбөйүп жатканына көңүл бурулуп, бул коркунучтуу тенденцияны токтотуу үчүн чукул кадамдардын ташталышы керектиги белгиленет.
Катта эл аралык коомчулукту Израилге курал-жарактарды жана ок-дарыларды жеткирүүнү жана жөнөтүүнү токтотууга чакырып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинен бул багытта чараларды көрүүсү талап кылынды.
Сөз болуп жаткан кат 1-ноябрда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин ноябрдагы төрагасы, Улуу Британия жана БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Филемон Янгга тапшырылды.
Түркия, Израилдин Газа баш болгон аймактагы согуш саясатына каршы туруп, Израилге курал жана ок-дары жеткирүүнү жана ташууну тез арада токтотууну эл аралык коомчулуктун мыйзамдуу жана абийирдүү милдети деп эсептейт.
Түркиянын жетекчилигинде башталган биргелешкен кат демилгесине 52 өлкө, Араб Лигасы жана Ислам Кызматташтык Уюму кол койду.
Кол койгон өлкөлөрдүн арасында; Түркия, Палестина, Бахрейн, Бангладеш, Бириккен Араб Эмирликтери, Боливия, Бразилия, Бруней-Даруссалам, Буркина-Фасо, Алжир, Жибути, Кытай Эл Республикасы, Индонезия, Марокко, Гамбия, Түштүк Африка, Ирак, Иран, Катар, Казакстан, Кыргызстан, Колумбия, Комор аралдары союзу, Кувейт, Куба, Ливия, Ливан, Мальдив аралдары, Малайзия, Мексика, Египет, Мавритания, Намибия, Нигерия, Никарагуа, Норвегия, Пакистан, Орусия, Сент-Винсент жана Гренадин аралдары, Сан-Томе жана Принсипи, Сенегал, Сомали, Судан, Сауд Арабиясы, Чили, Тунис, Оман, Иордания, Венесуэла, Вьетнам, Йемен жана Зимбабве бар.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.