TRT World Citizen «Гуманитардык» кинофестивалынын сыйлоо аземи Стамбулда өткөрүлдү

Аземге Президенттиктин коммуикация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана ТРТнын башкы директору Мехмед Захид Собажы да катышты.

2205814
TRT World Citizen «Гуманитардык» кинофестивалынын сыйлоо аземи Стамбулда өткөрүлдү
altun.jpg

Түркия радио-телеберүү мекемеси (TРТ) адамдарга жана бүтүндөй адамдык баалуулуктарга басым жасоо түшүнүгү менен ишке ашырган TRT World Citizen «Гуманитардык» кинофестивалынын сыйлоо аземи Стамбулда өткөрүлдү.

Аземге Президенттиктин коммуикация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана ТРТнын башкы директору Мехмед Захид Собажы да катышты.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун Түркиянын глобалдык тынчтык жана ырааттуулук үчүн жоопкерчиликти алуудан эч качан тартынбоо түшүнүгүн ТРТнын өз тармагында ийгиликтүү ишке ашырганын айтты.

Фестивалдын көңүл чордонунда адам жана адам темасы экенине көңүл бурган Алтун: «Бул фестиваль адам укуктарын, социалдык адилеттүүлүктү, тынчтыкты коргоонун маанилүүлүгүн, экологиялык көйгөйлөрдүн адам жашоосуна тийгизген таасирин көрсөтөт. Бул фестиваль адам өмүрүнүн канчалык маанилүү экенин эскертет»,-деди.

Аземде сүйлөгөн сөзүндө ТРТнын башкы директору Мехмет Захид  Собажы фестивалдын дүйнөдөгү кризистерден жабыркаган адамдардын окуяларын бөлүшүү жана алардын баяндарын көрүнүктүү кылуу үчүн түзүлгөн платформа экенин айтты.

Собажы фестивалдын глобалдык адамдык баалуулуктарга көңүл бурууга аракет кылганын белгиледи.

Быйыл «Мыкты тасма» номинациясында эквадорлук Роберто Валенсия «Адам замбиректин таң калыштуу окуясы» тасмасы менен биринчи орунду, пакистандык Али Сохайл Жаура «Киши өлтүргүч тил» тасмасы менен экинчи жана япониялык Жимми Минг Шум «Мени менен сүйлөш» тасмасы менен үчүнчү орунду алышты.

Сыйлык тапшыруу аземи жеңүүчүлөр жана катышуучулар эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.



Тектеш кабарлар