Фидан: «Түркия Африканын татыктуу позицияга ээ болушун колдойт»

Фидан Жибутиде Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн үчүнчү министрлердин карап чыгуу конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

2205877
Фидан: «Түркия Африканын татыктуу позицияга ээ болушун колдойт»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Африканы эл аралык системада татыктуу позицияга жетиши үчүн колдой турганын билдирди.

Фидан Жибутиде Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн үчүнчү министрлердин карап чыгуу конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Министр Фидан Түркиянын Чоң жыйырмалыкта Африка Биримдигине туруктуу мүчө болушун ар дайым колдогонун белгилеп, Түштүк Африканын 2025-жылдагы Чоң жыйырмалыктын мөөнөттүү төрагалыгынын континенттин глобалдык күн тартибиндеги артыкчылыктарын билдирүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болоорун айтты.

«Түркия Африканын эл аралык системада татыктуу позицияга ээ болушун катуу колдойт, Африканын үнүнүн угулушун колдойт»,-деп айткан Фидан эл аралык системанын учурда теңсиздикке жана адилетсиздикке таасирдүү жооп бере албай жатканын баса белгиледи.

Фидан мунун чоң бир коопсуздук көйгөйүн ачып бергенин белгилеп: «Бул мындан ары дүйнөнүн абдан чоң бөлүгү үчүн тынчтыкты, туруктуулукту жана адилеттикти камсыз кыла албайт. Эл аралык система Жакынкы Чыгышта уланып жаткан гуманитардык апаатты токтото алган жок. Израиль дагы эле Палестина элине каршы геноциддик кылмыштарын улантууда. Бул чек арасыз агрессия кененирээк аймактык туруктуулукка жана ошондой эле эл аралык тартипке коркунуч туудуруп жатат. Израилге каршы мажбурлоо чаралары ишке ашырылышы керек. Биз ошондой эле Израилге каршы курал эмбаргосун киргизүү демилгесин көтөрдүк»,-деп айтты.

Түркиянын Африканын Палестина маселесин колдоо жана Израилди токтотууда абдан маанилүү ролду ойной ала турганына ишенгенин билдирип: «Палестиналыктардын жанында турган африкалык өлкөлөрдү баалайбыз»,-деди.

Фидан, Африканын дүйнөлүк системанын маанилүү үнү катары Палестина үчүн аракеттерге кошулаарына ишенгенин белгилеп, сөзүн мындайча улантты: «Биз баарыбыз Палестина элин камсыздай турган эки мамлекеттүү чечим үчүн көбүрөөк аракет кылуу үчүн моралдык жоопкерчиликтүүбүз. Израилдин геноцидине каршы Түштүк Африканын Эл аралык Сотко кайрылуусу бул мааниде Африканын күчтүү билдирүүсү болуп саналат».



Тектеш кабарлар