Фидан: «Израилге курал сатуу геноцидге катышууну билдирерин ар бир мүмкүнчүлүктө кайталашыбыз керек»
Министр Фидан Жибутиде өткөрүлгөн Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн үчүнчү министрлердин кароо конференциясынын биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Биз Израилге курал сатуу геноцидге катышууну билдирерин ар бир мүмкүнчүлүктө кайталашыбыз керек»,-деди.
Министр Фидан Жибутиде өткөрүлгөн Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн үчүнчү министрлердин карап чыгуу конференциясынын биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Конференцияга байланыштуу өткөрүлгөн жолугушууларда аймактык жана эл аралык абалдардын, өзгөчө Жакынкы Чыгыштын талкууланганын белгилеген Фидан, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн бир гана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн эмес, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде коркунуч булагы болуп калганын белгиледи.
«Газада геноцид бар. Муну бардык жол менен уланткан Нетаньяхунун ниети эки мамлекеттүү чечимди толугу менен жок кылуу»,-деп айткан Фидан Нетаньяхунун согушту башка жерлерге, өзгөчө Ливанга жайылтуу үчүн аракет кылып жатканын белгиледи.
Израилдин эл аралык мыйзамдарды мындан ары бузуусуна баарыбыз бөгөт коюшубуз керек деп баса белгилеген Фидан: «Белгилүү болгондой, Түштүк Африка Республикасы Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотунда козголгон иштин башында турат. Африка өлкөлөрүнүн глобалдык абийирдин үнү болушу өтө маанилүү. Түркия бул демилгени толугу менен колдойт»,-деп айтты.
Фидан Израилдин башка өлкөлөрдөн курал жана ок-дарыларды ала алганы үчүн аймакты террорго салганын баса белгилеп: «Биз Израилдин курал-жарак жана ок-дарыларды сатып алышына бөгөт коюшубуз керек. Бул маселе боюнча сезимталдыкты ар бир платформада тынымсыз көтөрүшүбүз керек. Израилге курал сатуу геноцидге катышуу деген түшүнүктү берерин ар бир мүмкүнчүлүктө кайталашыбыз керек»,-деди.
Министр Фидан бул түшүнүк менен бирге бардык өлкөлөрдү Израилге курал жана ок-дары сатууну токтотууга чакырган орток кат жазылганын айтты.