Түркиядан Ливанга жардам материалы жиберилди

Түркиядан бейөкмөт уюмдар  Израиль чабуулдарын улантып жаткан Ливанга 1000 тоннага жакын жардам материалдарын жөнөттү.

2205621
Түркиядан Ливанга жардам материалы жиберилди

Түркиядан бейөкмөт уюмдар  Израиль чабуулдарын улантып жаткан Ливанга 1000 тоннага жакын жардам материалдарын жөнөттү.

Адам укуктары жана эркиндиктери гуманитардык жардам фонду, Фетих фонду, Садакаташы коому, Дарул Эйтам фонду, жетимдер фонду, AID эл аралык дарыгерлер ассоциациясы, Жер жүзүнүн балдары коому, Бир гана адам эл аралык жардам коому жана "Үмүт бол" гуманитардык жардам коому тарабынан "Дароо Ливан үчүн " деген ураандын алкагында даярдалган жардам кемеси Бейрут портуна барды.

Портко барган  кемени Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) депутаты Хасан Туран, Ливан - Түркия парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Хасан Мурад, Түркиянын Бейрут элчиси Али Барыш Улусой жана Ливан жогорку жардам комиссиясынын баш катчысы Мухаммед Хайр тосуп алды.

Элчи Улусой бул жерде сөз сүйлөп :  «Бүгүн биз Израиль агрессиясынын бутасы болгон жана абдан оор гуманитардык кризисти өткөрүп  жаткан дос жана боордош  Ливанды мамлекеттик мекемелерибиз менен эле эмес, бейөкмөт уюмдарыбыз менен да жалгыз калтырбай турганыбызды дагы бир жолу көрсөттүк",- деди.

Улусой Ливанга 25 - сентябрда 30 тонна медициналык каражат, дары - дармек жана азык -  түлүк жардамын, 9 - октябрда 300 тоннага жакын ар түрдүү гуманитардык жардам материалдарын жөнөтүшкөндөрүн эске салды.

АК партиянын депутаты Туран : «Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху геноцид кылып жатканда, дүйнөлүк державалар аларга колдоо көрсөтүү үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизине согуш кемелерин жана учак конуучу кемелерин жөнөтүү менен аймактык, алтургай дүйнөлүк согуштун коңгуроолорун кагып жатышат»,-деди.

Туран  Түркия катары  сионисттик режимдин кол салууларын токтотуу үчүн Нетаньяху бандасына жана колдоочуларына «бул кыргын жана баскынчылыкты жана ок атышууну токтотууга» чакырганын билдирди.

Ливандын Жогорку Жардам Комиссиясынын башкы катчысы Хайр кыскача сөз сүйлөп,  премьер - министр Нежиб Микати өкмөтүнүн атынан жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар