Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын арасында протоколго кол коюлду

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда экология жана шаар куруу тармагындагы кызматташтыкты дагы да бекемдей турган үч протоколго кол коюлду.

2205653
Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын арасында протоколго кол коюлду

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда экология жана шаар куруу тармагындагы кызматташтыкты дагы да бекемдей турган үч протоколго кол коюлду.
Лефкошада бир мейманканада эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн кол коюу аземине экология, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү боюнча  министр Мурат Курум, Түркиянын Лефкошадагы элчиси Ясин Экрем Серим, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице - премьер - министри, туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу, коомдук иштер жана транспорт министри Эрхан Арыклы менен ички иштер министри Дурсун Огуз катышты.
Министр Курум, аземден кийинки билдирүүсүндө, Кипр түрк калкынын кадыр  - баркы, бейпилдиги жана өнүгүүсү үчүн бардык каражаттардын мобилизацияланганын баса белгилеп : "Жалпы келечек үчүн иштөөнү улантып жатабыз. Экология жана шаар куруу  тармактарындагы кызматташтыктар пайдалуу  болот деп ишенем",-деди.
Курум  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын деңгээлин көтөрүү үчүн долбоорлордун  улана тургандыгын айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице - премьер - министри жана туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу өлкөнүн келечеги үчүн протоколдор жана кызматташтыктын Түркия менен улана турганын белгилеп, кол коюлган протоколдордун өлкөнүн негизги муктаждыктарынын арасында экенин белгиледи.

Атаоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын келечеги үчүн иштерди уланта тургандарын белгилеп, протоколдор жана колдоо үчүн ата мекен Түркияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар