Togg 40 миңге жакын адамга сатылды

Өндүрүшү үзгүлтүксүз уланып жаткан Toggдун жолдордогу саны өсүүдө.

2205498
Togg 40 миңге жакын адамга сатылды

Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы Togg, 40 миңге жакын T10Xти ээлерине тапшырды.

Дизайн жана технологиясы менен көңүлдөрдү бурган Toggго суроо-талап чоң.

Өндүрүшү үзгүлтүксүз уланып жаткан Toggдун жолдордогу саны өсүүдө.

Түркиянын унаасы Toggдун X баракчасындагы постто: «Тынымсыз жаңыланган жана жаңы бойдон калган T10Xке кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Жылдын алгачкы 10 айында 20 миң даанадан аштык. Жолго чыккандан бери болсо 40 миңге жакын T10Xти колдонуучуларыбызга тааныштырганыбызга сыймыктанабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Өндүрүшү 2023-жылдын март айында башталган Togg ошол эле жылдын май айында кардарлар менен жолугушту. Бул мезгилдин ичинде 40 миңге жакын T10X ээлерине тапшырылды.

Түс варианттарынын арасына жаңысы кошулду. Toggдун 7-түсү «Айдер жашылы» биринчи күндөн тарта чоң кызыгуу жаратты.

Бир жагынан да T10X модели өзүн жаңылоону улантууда.

Жаңыртылган программалык камсыздоо менен колдонуучулар ыңгайлуулукту жана коопсуздукту дагы да жогорулата турган 7 жаңы функцияга ээ болушат.

Жол белгилерин аныктоодон баштап көптөгөн функциялар Togg колдонуучуларына тартууланат.

Ал арада Togg, Түркиянын электр унаа рыногунда жылдын 9 айлык мезгилинде 17 миң 49 сатуу жана 29 пайыздык базар үлүшү менен бренд рейтингинде биринчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар