Министр Хакан Фидан Жибутиге барат

Конференция 2-3-ноябрда өткөрүлөт.

2205356
Министр Хакан Фидан Жибутиге барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия-Африка өнөктөштүгүнүн министрлер деңгээлиндеги үчүнчү карап чыгуу конференциясына катышуу үчүн Жибутиге барат.

Конференция 2-3-ноябрда өткөрүлөт.

Министр Фидан конференцияда, Африка менен карым-катнаштардын Түркиянын тышкы саясатынын негизги түркүктөрүнүн бири экенин айтат.

Түркиянын Африкада тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө салым кошууну уланта турганын баса белгилейт.

Африка Биримдигинин G20нын толук кандуу мүчөсү болушун күчтүү түрдө колдой турганын билдирет.

Фидан ошондой эле Түркиянын Африкага карата иш-аракеттеринин Африка өлкөлөрүнүн өз максат жана муктаждыктарынын негизинде адамдык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын да түшүндүрөт.

Конференцияда Түркия-Африка өнөктөштүгүн бекемдөө үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдардын талкууланышы күтүлүүдө.

Конференциянын жыйынтыгында «Биргелешкен декларация» жана «2022-2024-жылдардын Биргелешкен ишке ашыруу отчету» аттуу эки документтин кабыл алынышы да пландалууда.



Тектеш кабарлар