Тышкы иштер министри Хакан Фидан Британияга барды
Күн тартибинде эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык маселелер бар.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Британияга барды.
Фидан борбор шаар Лондондо англис кесиптеши Дэвид Ламми менен жолугушат.
Күн тартибинде эки тараптуу карым - катнаштар жана аймактык маселелер бар.
Жолугушуларда Эркин соода келишимин кеңейтүү, энергетика жана транспорт тармагында кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө күн тартибинде болот.
Коргоо өнөр жайы тармагындагы потенциалдуу кадамдардын да талкууланышы күтүлүүдө.
Өзгөчө террор менен күрөшүүдө кызматташуунун мааниси баса белгиленет.
Аймактык темалар да карала турган жолугушууларда Газадагы гуманитардык кризистин чечилишине карата Түркиянын аракеттери да күн тартибинде болот.
Тектеш кабарлар
Сириянын Стамбулдагы башкы консулдугуна «революция желеги» илинди
Кечээ Баас партиясынын өлкөдөгү 61 жылдык башкаруусу кулатылган.