Түркия менен Омандын ортосунда жогорку билим берүү боюнча кызматташтык түзүлдү

Өзвар Түркиянын жогорку билим берүү тармагында кызыгуу борбору экенин жана Омандан дагы көп студент кабыл алууну максат кылгандарын айтты.

2204495
Түркия менен Омандын ортосунда жогорку билим берүү боюнча кызматташтык түзүлдү

Түркия менен Омандын ортосунда жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында жаңыланган  меморандумга кол коюлду.

Борбор шаар Анкарадагы  кол коюу аземинде Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) төрагасы Эрол Өзвар Түркия менен Омандын ортосундагы эзелтен бери келе жаткан бир туугандык карым-катнаштарга басым жасап, академиялык жана студенттик мобилдүүлүктүн артаарына ишенгендигин айтты. Өзвар Түркиянын жогорку билим берүү тармагында кызыгуу борбору экенин жана Омандан дагы көп студент кабыл алууну максат кылгандарын айтты.

Омандын Жогорку билим берүү, изилдөө жана инновация министри Рахма бинт Ибрахим Аль Махруки да Түркияны экинчи мекени катары көргөндөрүн жана өлкөлөрүндөгү университеттердин сапатын жогорулатуу үчүн кызматташууну изденип жаткандарын баса белгиледи.

Кол коюу аземи эки тараптын жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү ниетин бекемдеди.



Тектеш кабарлар