Түркия испанияга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги Валенсия автономиялуу аймагында акыркы 2 күндөн бери катуу болуп жаткан   сел жана бороонго байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2204514
Түркия испанияга көңүл айтты

Түркия Испанияда болгон сел апаатынан улам каза болгондор үчүн терең кайгырганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Валенсия автономиялуу аймагында акыркы 2 күндөн бери катуу болуп жаткан   сел жана бороонго байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө селден улам каза болгондор үчүн терең кайгыруу билдирилип : «Кайза болгондордун жакындарына жана Испания элине көңүл айтабыз»,-деп айтылды.

Валенсия Операциялык координация борборунан (CECOPI) берилген маалыматта  нөшөрлөгөн жамгыр, сел жана селден жабыркаган аймактагы  райондордо кеминде  51 кишинин жансыз денесинин табылганы белгиленди.

Испания өкмөтү кечээ кечинде аба ырайынын катаал шарттарынан улам адам өмүрү жана мүлк жоготуудан улам кризистик стол түздү.



Тектеш кабарлар